УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге коркутуулар жазылган катты жөнөткөн адам кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
УКМКнын маалыматы боюнча, кармалган жаран Ж.А.С. мурда эки жолу сотолгон, аскер учкучу адистиги боюнча билим алган. Кийин Афганистандын чек арасында чектелүү аскер контингенттинин катарында кызмат өтөгөн. Ал жактан аскер тажрыйбасына ээ болуп, конспирациянын сырын үйрөнгөн. 1994-жылдан тарта Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн.
Иликтөө учурунда аныкталгандай, ал узак убакыт боюнча катында айткан иштерге даярданып, өзү жашыруун бойдон калуу үчүн алдын ала чараларды көргөн.
Ж.А.С. Камчыбек Ташиевди жана анын үй-бүлөсүн өлтүрүү тууралуу коркутуулар жазылган флешканы конвертке салып, өзү белгисиз бойдон калуу үчүн катты селсаяк аркылуу жөнөткөн. Ал үчүн ага азык-түлүк сатып берген. Селсаяк катты УКМКнын коомдук кабылдамасына калтырган.
Кармалган шектүүгө (Ж.А.С.) 36-122-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пункту (кызматтык милдеттерин аткарып жаткан адамды же анын жакын адамдарын өлтүрүүгө даярдануу) боюнча кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.
Шектүүнүн үйүнөн кат жазылган компьютер, катка мөөр басылган сургучтун үлгүлөрү табылып алынган.
Учурда бул ишке катышы бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Ошондой эле шектүүнүн чет мамлектеттин атайын кызматтарына, өлкөдө будуң-чаң кылууну көздөгөн күчтөргө катыштыгы текшерилүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айрым маалыматтар ачыкталбай турганы айтылды.
УКМК коррупция жана уюшкан кылмыштуу топ менен күрөш улана турганын билдирди.