Баткенде топ бала 4 өспүрүмдү сабап салган. Милицияга 12 бала жеткирилди (видео)
Баткендин Кызыл-Кыя шаарында топ бала 4 өспүрүмдү сабап салган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы бонча, окуя 23-ноябрь күнү болжол менен саат 23:30да болгон. 17 жаштагы төрт өспүрүм “Таштемир ажы” базары жактан өтүп бара жатканда, алардын алдынан топ бала тосуп чыгып, ур-тепкиге алып, сабаган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, сабалган балдардын алган жаракаттарын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ошондой эле балдардын ата-энелери милицияга арыз жазган.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн өздүгү аныкталып, милициянын тергөө кызматына 12 өспүрүм жеткирилген.
“Учурда кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, ыкчам иликтөө иштери уланууда”, – деп билдиришти милициядан.