Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Акжол Махмудов Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курамасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркинбаевдин, улук машыктыруучулар Улукбек Карачолоков менен Арсен Эралиевдин кызматтан кетиши боюнча үн катты.
Махмудов агайларын кызматтан кетиши тууралуу чечим анда көптөгөн суроолорду жаратканын билдирген. Ошондой эле ал машыктыруучуларына ыраазычылык сөзүн айтып өткөн.
«Урматтуу Азат Эркинбаев, Улукбек Карачолоков жана Арсен Эралиев сиздердин жетекчилигиңиздер алдында машыгуу мен үчүн чоң сыймык болду. Менин спортчу жана адам катары калыптануума кошкон зор салымыңыздар үчүн сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис, сиздердей агалайлар менен иштешкениме сыймыктанам», — дейт Махмудов.
Эскерте кетсек, 25-ноябрда Кыргызстандын күрөш курамаларынын машыктыруучуларынын жалпы жыйыны өтүп, анда грек-рим курамасынын башкы машыктыруучусу болуп Уран Калилов, улук машыктыруучусу болуп Азат Бейшебеков дайындалган.