Жалал-Абадда 1250 орунга эсептелген жаңы абак салынды

Жалал-Абадда 1250 орунга эсептелген жаңы абак салынды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жаңы абактын курулушу аяктады. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Абак Бай-Мундуз айылыда жайгашкан. Ал 13 гектар жерди ээлеп, 1250 орунга эсептелген: анын ичинен 1000 орун жалпы тартипте, 250сү катаал режимде жазасын өтөй тургандар үчүн.

Түрмө республикалык бюджеттен эсебинен салынган. Анын сметалык баасы 2 млрд 912 млн 929,4 сом болуп, анын ичинен 2 млрд 283 млн 199,6 миң сом сарпталган.

Абактын аймагында күнүнө 40 миң бышкан кыш чыгара турган ишкана, кийим, бут кийим тигүүчү, самын, кагаз чыгара турган цех салынган. Ал жерде соттолгон 350 адам иштейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>