Бишкекте Түрк дүйнөсү жаштарынын II форуму өтөтБишкекте адамдарды тоноп жүргөндөр кармалды — арасында жаш балдар барКыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелгендер кармалды
Келерки жылы Бишкекте 7 көчө оңдолуп, 3 жаңы жол салынат
12.12.2024 | 18:20
Келерки жылы Бишкекте 7 көчө оңдоп-түзөөдөн өтүп, 3 жаңы жолдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.
Оңдоп-түзөөдөн өтө турган жолдордун узундугу 15,3 чакырымды түзөт.
Оңдоло турган 7 көчө:
Шабдан Баатыр (Чүйдүн уландысы) көчөсү: Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтовго чейин (1,7 чакырым);
Ахунбаев көчөсү: 7-апрелден Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин (3,2 чакырым);
Жибек Жолу проспектиси: Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтовго чейин (1,8 чакырым);
Жаш Гвардия бульвары: Жибек Жолунан Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (1,9 чакырым);
Лев Толстой көчөсү: Ибраимовдон Жаш Гвардия бульварына чейин (3,2 чакырым);
Москва көчөсү: Жаш Гвардиядан Фучик көчөсүнө чейин (1 чакырым);
Медеров көчөсү: Панфиловдон 7-апрель көчөсүнө чейин (2,5 чакырым).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом