УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Бишкекте унаа айдап качкан деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды
13.12.2024 | 17:12
Бишкекте унаа айдап качкан деп шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 11-декабрга караган түнү белгисиз адамдар Улан-2 кичирайонундагы аялдаманын жанынан Honda Fit унаасын айдап качып кеткен. Унаанын ээси милицияга кайрылган.
Аталган факт боюнча “автомототранспорт каражаттарын айдап качуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы А.А. кармалган.
Ошондой эле унаа ээсине кайтарылган.