Бишкекте президенттин катышуусунда “Мурас” достук турнири өтүүдө
Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү өтө турган президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен “Мурас” футбол турнири башталды.
Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында анын ачылыш аземи болуп өттү. Мелдешке төрт топко бөлүнгөн 16 команда катышууда.
Иш-чаранын алкагында жалпысынан 32 оюн пландаштырылган: топтук этапта 24 жана финалдык 8 оюн.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө салтка айланган кезектеги турнирдин башталышы менен куттуктап, өткөрүлүп келген алты жыл ичинде масштабдар кыйла өскөнүн белгиледи. Биринчи беттештерде 8-9 команда катышкан болсо, азыр алардын саны 16га жетип, муну менен жогорку популярдуулукту көрсөтүп жатат.
“Биринчи-экинчи оюндарда президенттин командасы биринчи орунду берчү эмес эле, акыркы убактарда 4-орунга түшүп калды. Бул дагы жакшы нерсе. Башталганда жакшы чуркай албаган аксакалдарыбыз, балдарыбыз бар эле. Алардын деңгээли бүгүн кыйла өстү. Оюндардын маанилүүлүгүн унутта калтырбай, улап кете берели. Биз жаштарыбызды, эл-журтубузду спортко үндөп, чакырышыбыз керек. Анткени спорт – бул ден соолуктун булагы. Спортто дайыма күчтүүлөр утат, спорттун табияты ушундай. Күчтүүлөр жеңсин!” – деди Садыр Жапаров.
Оюндар эки жерде: жакында ачылган Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясында жана “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өткөрүлүүдө.
[image_carousel source=”media: 216579,216580,216581,216582,216576,216577,216575,216569,216570,216571,216572,216573,216574″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]
Турнирдин катышуучулары:
– Президенттин Администрациянын кызматкерлери, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери — “Президенттин командасы”;
– Маданият жана искусство өкүлдөрү — “Өнөр”;
– Банктардын жана бизнестин өкүлдөрү — “Банктар жана Бизнес”;
– ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер — “Журналисттер”;
– Спорт федерацияларынын өкүлдөрү, спорт жылдыздары, “Алга” ФК легендалары — “Спорт Чеберлери”;
– Жогорку Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрү – “Жогорку Кеңеш”;
– Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери — “Аймактар”;
– Дин өкүлдөрү — “Ыйман;
– Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери жана медициналык мекемелердин жетекчилери — “Ден соолук”;
– Билим берүү системасынын кызматкерлери жана окуу жайлардын жетекчилери — “Билим”;
– Сот бийлигинин өкүлдөрү — “Фемида”;
— Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери – “Коопсуздук”;
— ИИМдин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү – “Динамо”;
— Прокуратура органдарынын кызматкерлери – “Көзөмөл”;
– Өткөн мелдештин жеңүүчү командасы “Мурас-Аймак”-“Ноокат”;
– Кыргызстан элинин Ассамблеясы жана диаспоралардын жетекчилери — “Достук”.
Эртең, 15-декабрда, чейрек финалдык, жарым финалдык жана финалдык беттештер болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз