Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
Быйылкы ажылык сапардын баасы кымбаттады
26.02.2020 | 09:46
Ажылык сапардын баасы бир адам үчүн 3350 доллар деп бекитилди. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт.
500 доллар төлөп, ажылык серверге катталган адамдар калган 2850 долларын 26-февралдан 17-мартка чейин РСК Банк аркылуу төлөөгө тийиш.
“Сауд Аравия Падышачылыгы виза, медициналык камсызданырууну акылуу кылып, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жогорулаткандыгына байланыштуу ажылыктын наркы быйылкы жылы жогорулады”, – деп жазылат Муфтияттын маалыматында.
Белгилей кетсек, өткөн жылы ажылыктын баасы 3000 доллар деп белгиленген. Ал эми 2018-жылы 2890 доллар болчу.
Сауд Арабвиясы Кыргызстанга быйыл 6110 квота бөлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом