Ичүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалды
Бишкекте тургундун үйүнөн 130 миң доллар салынган сейфи уурдалган
25.12.2024 | 10:24
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, 9-декабрда белгисиз адамдар 6-кичирайондогу үйгө кирип, 130 миң доллар салынган сейфти уурдап кеткен. Үй ээси милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “уурулук” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 35 жаштагы жаран (К.У.) кармалган. Милиция шектүүдөн 74 миң 400 доллар табылып алынганын билдирди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыш фактыларына катыштыгы текшерилүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо, 0(508) 01-90-01, 0(703) 33-32-01 же 102 кабар берүүсүн суранат.