Бишкектин мэри Казакстандын «Достык» ордени менен сыйланды

Бишкектин мэри Казакстандын «Достык» ордени менен сыйланды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгынын менен II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Сыйлыкты Жунушалиевге бүгүн, 25-декабрда Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды. Сыйлоо иш-чарасы Бишкектин мэриясында өттү.

Айбек Жунушалиев бул орден менен Кыргызстан менен Казакстандын борбор калааларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө ар тараптуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн сыйланган.

Буга чейин Казакстандын І даражадагы «Достык» орденин президент Садыр Жапаров алган.

Токаев Жапаровго І даражадагы «Достык» орденин тапшырды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>