Досонов сабалганы жөнүндө арызын кайтарып алды. ЖАК №1 тергөө абагындагы абал боюнча үн катты

Досонов сабалганы жөнүндө арызын кайтарып алды. ЖАК №1 тергөө абагындагы абал боюнча үн катты

Жазаларды аткаруу кызматы (ЖАК) №1 тергөө абагында камакта отургандар сабалып, укуктары бузулуп жатканы тууралуу маалымат боюнча үн катты.

Мекеме билдиргендей, тергөө абагында отургандардын кызматкерлер тарабынан ур-тепкиге кабылганы, жапырт ачкачылык жарыялаганы, жактоочулар менен жолугуусуна, Акыйкатчы институтунун жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратылганы тууралуу маалыматтар калп болуп саналат.

Камакта отурган айыпталуучулар менен соттолгондор тергөө абагындагы ички тартип эрежелерин сактап, өз ара жана кызматкерлерге сылык мамиле жасап, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарышы керек. Камеранын ичин, кийимдерин таза кармап, жеке гигиенаны сактап, чачы, эркектердин мурут-сакалы кыска болушу шарт. Керек учурда көкүрөк тушунда жана жеңинде атайын белгиси бар кийимдерди кийип, тергөө абагын көрктөндүрүү иштерине катышуусу зарыл.

20-декабрдан бери №1 тергөө абагына 289 жактоочу кирип, камакта отургандар менен жолуккан. Анын ичинде 21-декабрда 12 жактоочу кирип чыккан. Ошондой эле Кыйноолорду алдын алуу борборунан 7 жолу баш-аягы 21 киши келип кеткен.

Алар камактагылар менен баарлашып, мекеменин администрациясына карата доо-арыз болгон эмес. Акыйкатчы институтунан 6 жолу 8 кызматкер келип кеткен. Алар №1 тергөө абагын караган киши катары айтылып жүргөн айыпталуучу Данияр Шүкүровдон жана Кадыр Досоновдон 1 оозеки жана 1 жазуу түрүндө арыз алышкан. Кийинчерээк Досонов менен Шүкүров арыздарынан баш тарткан. Камакта отурган башка адамдардан уруп-сабоо боюнча мекеменин жетекчилигине карата расмий арыз түшкөн эмес. 

Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) маалыматы боюнча, учурда №1 тергөө абагында саясатчы Темирлан Султанбаев гана ачкачылык кармап, мекеменин түшүндүрүү иштерине, туугандарынын суранганына карабай аны токтотпой эле. Жазарларды аткаруу кызматы Султанбековдун ачкачылык кармаганын мыйзамсыз деп эсептейт жана аны шантаж катары көрөт.

Аталган мекеме абак жайларын уюшкан кылмыштуу топтордун жана кылмыш дүйнөсүнүн «түшүнүктөрүнөн» арылтуу боюнча иштер соңку баскычыка чыкканын белгилейт.

Акыркы күндөрү №1 тергөө абагында тинтүү иштери учурунда мыйзамсыз сакталган 87 телефон таап алынып, алардын 19ун камактагылар өзү тапшырды. Өзүн «общак» деп атаган, криминалдуу топтордун башчылары жана мүчөлөрүнөн турган 52 кишинин укукка каршы ишине бөгөт коюлду.

ЖАК аталган топтордун, алардын шериктеринин жана тарапташтарынын каршылыгына карабай мекеменин ишине бүлүк салуу, кылмыштуу топторду түзүү, жетектөө жана ага катышуу, кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүн жайылтуу аракеттерине бөгөт коюларын билдирди.

№1 тергөө абагында отурган кримтөбөлдөр Досонов жана Шүкүров сабалганы белгилүү болду

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>