Ханзаада Рахим Ага Хан V Кыргызстанга келдиТоктогулда жаңыланган стадион ачылдыОш–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев «Ош-Сити» компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады
Коррупция үчүн жаза күчөтүлгөндөн кийин Таласта милиционер кармалды
12.01.2025 | 13:25
Таласта милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, милиция кызматкери “үй-бүлөлүк зомбулук” фактысына көз жуумп, териштирүү ишин токтотуу үчүн бир жарандан акча опузалган. Ал 11-январда сураган акчанын 20 миң сомун алып жатканда колго түшкөн.
Ага 343-берене (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду.
Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери уланууда.
УКМК милиция кызматкеринин кармалышы коорупциялык иштер үчүн жаза күчөткөн мыйзам кабыл алынгандан кийинки биринчи учур экенин билдирди.