«Бишкекшаарлифт» ишканасынын мурдагы башчысы кармалды

«Бишкекшаарлифт» ишканасынын мурдагы башчысы кармалды

Бишкек мэриясынын «Бишкекшаарлифт» ишканасында коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, акча чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схеманы аталган ишкананын мурдагы жетекчиси С.М. жана башкы бухгалтер уюштурган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, борбор калаанын мэриясы жыл сайын эскилиги жеткен 100дөн лифтти алмаштыртып турат. Бул милдет «Бишкекшаарлифт» ишканасына жүктөлгөн. Бул ишкана лифттерди алмаштыруу үчүн бөлөк компанияларды жалдаган.

Ишкананын мурдагы башчысы менен башкы бухгалтери бир лифтти алмаштыруунун баасын стемага 267 миң сом деп көрсөтүп, анын 135 миң сомун жалданган компанияга берип, калган 135 миң сомду өздөрү алып жүргөн.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ишканада тинтүү жүргүзүлүп, мурдагы жетекчилик эсептен 150 миңден 2 млн сомго чейин алып жүргөнүн ырастаган документтер табылып алынган.

Шектүү катары ишкананын мурдагы директору С.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамды аныктоо иштери жүрүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>