Президент мыйзамга кол койду. Интернетте бирөөнү мазактап, жалаа жапкандар айыпка жыгылат

Президент мыйзамга кол койду. Интернетте бирөөнү мазактап, жалаа жапкандар айыпка жыгылат

Президент Садыр Жапаров интернет же ЖМК аркылуу кимдир бирөөнү кемсинткен, жала жапканы үчүн айып пул салууну караштырган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитинин 31-январда чыккан санында айтылат.

Мыйзам былтыр 19-декабрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу бир адамды кемсинткен, сөккөн же атайылап жалаа жапкан адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул каралган.

Эми ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Буга чейин мыйзамга каршы болгон депутаттар, активисттер ал кайсы бир чиновниктин сөз эркиндигин кысуу, сын айткандардын оозун жабуу үчүн курал болуп калышы мүмкүн экенин, катардагы жарандар үчүн жазылбаганын айтып чыгышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>