Кыргызстанда малды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда малды экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматы мал жандыктарды экспорттоого уруксат берүүнү токтотту.

Ведомствонун маалыматына караганда, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин  «Айыл чарба товарларынын тизмесин бекитүү жөнүндө» №04-13/4  буйругунун негизинде 2025-жылдын 31-январынан тартып Ветеринардык кызмат тарабынан мал жандыктарды үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинен ири мүйүздүү малдарды, майда малдарды жана жылкыларды экспорттоого уруксат берүүнү токтоткон.

2025-жылдын 31-январына чейин берилген уруксаттар бардык текшерүүлөр аяктаганга жана ченемдик базага өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин убактылуу токтотулуп,  уруксат берүү процесси жандангандыгы тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.

Уруксаттарды токтото туруу жана мал жандыктарды экспорттоого байланыштуу маселелер боюнча кошумча маалымат жана кеңеш алуу үчүн +312 66 04 06 телефон номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>