Былтыр Өзбекстан Кыргызстандан 361,7 миң чарчы метр килем импорттогон. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Өзбекстан 2024-жылы чет жактан 11,5 млн долларга 2,5 млн чарчы метр килем сатып алган.
Кыргызстан Өзбекстан килемди көп импорттогон өлкөлөрдүн бири болгон:
- Кытай – 1,2 млн чарчы метр
- Түркия – 537,9 миң чарчы метр
- Кыргызстан – 361,7 миң чарчы метр
- Казакстан – 150,6 миң чарчы метр
- Иран – 99,8 миң чарчы метр
- Башка өлкөлөр – 193,8 миң чарчы метр