Депутат Жанарбек Акаев бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандагы окуучулардын өлүмү боюнча маселени көтөрдү.
Жыйында Мирбек Мамбеталиевдин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минисри кызматына талапкерлиги каралып жаткан. Акаев ага кайрылып, балдардын өлүмү боюнча маселеге көңул бурууга үндөдү.
«Маданият менен маалыматтын тышкары жаштар саясаты сиздерге карайт. Кыргызстанда акыркы бир жума ичинде үрөй учурган көп жаңылыктар болду. Бул чоң класстагы балдардын өлүмү. Элестетсеңиз, бир жуманын ичинде 5-6 баланын өлүмү катталды. Ысык-Көлдө, Ноокатта, Токмокто 10-11-класстын балдары асынып өлүп жатат, өз жанын кыйганга барууда. Сиздердин жана бардык министрликтер ушул боюнча иштеп, өкмөт башчы чукул жыйын өткөрүш керек эле», — деди ал.
Акаев өкмөт башчы балдардын коопсуздугу, алардын өлүмү боюнча маселени караган жыйын өткөрбөй жатат деп сындады.
«Эмне үчүн өткөрбөй жатасыңар?! Алмас Акунжанович (президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү – ред.) министрлер кабинетинин төрагасы бардык министрликтерди чакырып, жыйын өткөрүш керек. Бул трагедия. 5-6 бала өлдү. Асынып өлгөнү, ур-токмоктон өлгөнү бар. Мамлекет, ата-эне үчүн баладан кымбат эмне бар?! Эч нерсе жок. Ошондуктан Ички иштер министрлиги, Маданият министрлиги, Билим берүү министрлиги түшүндүрүү иштерин ыкчам алып барышы керек», — деди ал.
Ал Кыргызстанда бийлик органдарынын өкүлдөрү балдардын өлүмүнө статистика катары карап жатканын билдирди.
«Мөлтүрөгөн, чырактай балдар-кыздар каза болду. Өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү улуттук, мамлекеттик трагедия. Бизде болсо «бир жумада ушунча бала көз жумду» деп жөн гана статистика катары карап коюп жатасыңар. Балдарга мындай мамиле болбойт. Ушул жумадан калбай өкмөт башчы чукул жыйындарды өткөрүш керек», — деди ал.
Жанарбек Акаев мектептерде камералар орнотулуп, балдар менен психологдор иштеп, түшүндүрү иштери жүргүзүлүшү керектигин айтты.