Чек ара боюнча келишим: Тажикстанга Лейлектеги эмес, Баткен районундагы Достук айылы берилет

Чек ара боюнча келишим: Тажикстанга Лейлектеги эмес, Баткен районундагы Достук айылы берилет

Кыргыстан менен Тажикстандын чек ара келишими боюнча коңшу мамлекетке Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы Достук айылы берилгени жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатат.

«Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбк Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим тууралуу маалымат берген.

Ташиев Баткен району менен Тажикстандын Исфара районундагы туташ эмес (чересополосный) жерлер чечилгенин айтып, Баткен районундагы Достук айылы тургундардын үлүш жерлери менен бирге 91 га, Мазеиттин жери – 8,3 га, Көк-Терек айылы – 17,5 га, Таш-Тумшук айылы – 20,1 га жана Дача тилкесиндеги 5 га үлүш жер, жалпы 141,9 га жер Тажикстанга бериле турганын билдирген.

Аталган 142 гектардай жердин ордуна Кыргызстан Исфара районунун Сомониен айылын (18,4 га), Дахма тилкесин (3,1 га), Хожа-Ало айылынын бир бөлүгү (21 га), Гавсувар тилкеси (2,7 га), Миң-Булак тилкеси (42 га), Лакон тилкесинин бир бөлүгү (55 га), жалпы 142,7 га жер аларын айткан. Ошондой эле Достук айылындагы жаңы салынган үйлөрдүн ордуна кенемте катары Лакон тилкесинен 30 га суулуу жер алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>