Ноокатта мал уурдоого шектелип эки жаран кармалды

03.03.2025 | 18:14

Ноокат районунда эки жаран мал уурдоого шектелип камалышты. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга 50 жаштагы жаран кайрылып, 23-февралга караган түнү белгисиз адамдар сарайынан 2 баш малын уурдап кеткенин билдирген. Алардын баасы болжол менен 150 миң сомго жетет.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 26-февралда шектүү катары Ноокат районунун 26 жаштагы М.У. жана 24 жаштагы Т.А. аттуу тургундары кармалган. Соттун чечими менен алар  2 айга камакка алынган.

Шектүүлөр уурдалган малды базарга алып барып, сатып жиберген.

Учурда уурдалган 2 баш малды ээсине кайтаруу иштери жүрүүдө. Ошондой кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Scroll to Top