Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча кооптонууларын билдирди (видео)

Айжигитов кыргыз-тажик чек ара келишими боюнча кооптонууларын билдирди (видео)

Бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору боюнча кооптонууларын билдирди.

Эки өлкөнүн чек ара боюнча макулдашуулары менен таанышып чыкканын айткан Айжигитов билдиргендей, чек ара келишиминин долбоорунун 12-беренесинде «бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт» деп жазылган. Ал мындай формулировкага макул болгон Тажикстан тарап өзүнүн стратегиялык максаттарына жеткен деген пикирде.

«СССР маалынан бери эле алар Ворух анклавына коридор алып, өзүнүн негизги жерине кошуп алууну максат кылып келишкен. Бул келишим менен алар азырынча транспорттук коридор алыптыр. Эми Ворухту өзүнүн жери менен бириктириш үчүн бир эле кадам калыптыр. Ал кадамды алар качан жасай турганын убакыт көрсөтөт», — дейт ал.

Ал билдиргендей, коридор алууга эки тоскоолдук болуп келет.

«Биринчиси (Баткен районундагы – ред.) Достук айылы. Ошол тоскоолдук болуп турган. Экинчиси Хожа-Ало – Ак-Сай – Ворух жолунун тилкеси бизге караштуу болуп, ал да бир тоскоолдук болгон. Азыр бул келишим боюнча тажик тарап «Достук айылын бизге бергиле» деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага толугу менен макул болуп, ал тоскоолдукту алып коюп жатабыз. Биз үчүн Достук айылынын стратегиялык мааниси — ошол коридорго жол бербей турганы. Андан тышкары ошол жерде жашаган эл чек араны коргоп турат», — дейт ал.

Айжигитовдун айтымында, Тажикстан экинчи тоскоолдук болгон Хожа-Ало – Ак-Сай – Ворух жолунан качуу үчүн Дача – Капчыгай жолун сурап жатат.

«Ал жолду бейтарап кылган жатат. Бейтарап болгондо да, туурасы 10 метр жол эле эмес, жолдун асты, эки четиндеги 15 метрден жер, жалпы 40 метр жер бейтарап болуп эсептелип калат. Бейтарап деген сеники да эмес, меники да эмес дегенди билдирет. Эгер жолдун өзүн бейтарап деп, жерди Кыргызстандын эсебинде калтырганда, башкача болмок. Бейтарап болгон жерди каалаган убакта ким күчтүү болсо, тартып алганга укугу бар», — деди ал.

Ал билдиргендей, аталган жолдун ордуна Кыргызстанга «берилип, бейтарап болот» деп жаткан Миң-Өрүк — Самаркандек жолунун бүгүнкү күнү өлкө үчүн стратегиялык кызыкчылыгы жок.

Анын айтымында, Төрт-Көчөнү бейтарап кылып калтырууга болот.

Депутат Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга берилбеши керектигин билдирди. Ал Достук – Ак-Сай – Ворух жолу боюнча жаңы келишим түзүп, анда жолду биргелешип тоскоолдуксуз колдонуу каралышы зарыл экенин айтты.

Ошондой эле ал жерди алмашып жатканда, аны теңме-тең деп эле эмес, жердин сапатына карап алмашуу керектигин белгиледи.

Айжигитовдун сөзүнөн кийин кесиптеши Улан Примов эки  өлкөнүн чек арасы Кыргызстан эгемендик алгандан бери чечилбей келе жатканын, чек араны чечүүдө уткан-утулган тарап болбой турганын айтты.

«Биз бир жерди берсек, бир жерди алдык», — деди Примов.

Ал кыргыз-тажик чек ара маселеси чечилейин деп калганын айтып, этият билдирүү жасап, кылдат мамиле кылууга чакырды.

 

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев Төрт-Көчө маселеси кантип чечилгенин айтты (видео)

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>