Чет жактагы окуу жайларда канча кыргызстандык билим алат?

Чет жактагы окуу жайларда канча кыргызстандык билим алат?

2025-жылдын январь айына карата Кыргызстандын 20 миң 42 жараны чет жактагы жогорку окуу жайларда билим алууда. Бул туураалуу “Акчабар” жазды.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет жактагы кыргызстандык студенттердин көбү Россияда билим алат: 8 миң 811 киши. Алардын ичинен 5 миң 329у акысыз, 3 миң 482си акча төлөп окуйт.

Экинчи орунда турган Кытайда 2 миң 454 кыргыз жараны билим алууда. Түркияда – 2 миң 82, АКШда – 1 миң 518 (алардын ичинен 1 миң 173ү университеттерде) жана Түштүк Кореяда 912 студент окуйт.

Европа мамлекеттеринин ичинен Германияда – 604, Венгрияда – 366, Чехияда – 315, Францияда – 122, Австрияда – 149, ошондой эле Улуу Британияда 200дөй жана Италияда 500гө жакын студент билим алат.

Андан тышкары кыргызстандык студенттер Египетте (150, негизинен «Аль-Азхар» университетинде), Сауд Арабияда (300), Бириккен Араб Эмираттарында (23), Малайзияда (200) жана Японияда (176) окушат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>