Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Бишкекте 9-кабаттан эки бала кулап түшүп, каза тапты
17.03.2025 | 11:22
Кечээ, 16-мартта Бишкектин Үмөталиев көчөсүндөгү турак үйдүн 9-кабатынан эки бала кулап түшүп, каза тапты. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы кабарлады.
Милиция билдиргендей, каргашалуу окуя тууралуу маалымат “102” кызматына 16-мартта саат 16:24 чамасында түшкөн.
Ленин райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, факт тастыкталган. Алган жараттарынан улам 2 жана 4 жаштагы эки бала ошол жерде каза болушкан.
Учурда бардык зарыл экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар