ӨКМ: Өрт коопсуздугу ар бир жарандын жоопкерчилигиндеАКШ Орусиянын эки ири мунай ишканасын санкциялык тизмеге киргиздиӨлкөдө күйүүчү майдын запасы айдын аягына чейин жетет, баа 15%га чейин кымбатташы мүмкүнАдылбек Касымалиев: Туризм экономикага туруктуу салым кошо баштадыIV Бишкек эл аралык кинофестивалына тасмаларды кабыл алуу башталдыАк илбирстин эл аралык күнү: Кыргызстан сунуштаган майрам дүйнөдө алгач белгиленди – Садыр Жапаров
Ноорузга карата Бишкекте кандай иш-чаралар өтөт? (тизме)
19.03.2025 | 11:48
Бишкек шаарынын төрт районунда 20-21-март күндөрү Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардын мэриясы маалымдады.
Биринчи Май районунда:
- 20-март: Маевка жана Пригородный конуштарында концерт жана маданий оюн-зоок программалары өткөрүлөт.
- 21-март: Жаштар сейил багында, Кут конушунда көргөзмөлөр, концерттер, спорттук мелдештер жана майрамдык иш-чаралар уюштурулат.
Ленин районунда:
- 21-март: «Чүкө» эс алуу борборунда, «Люкс» паркында, Чоң-Арык жана Киргизия-2 конуштарынын маданий борборлорунда майрамдык салтанаттар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында “Сүмөлөк” улуттук тамак-ашын уюштуруу, концерттик программа жана улуттук спорт оюндары өтөт.
- Ошондой эле бул күнү майрамдык иш-чаралар төмөнкү даректерде өтөт: Джунусалиев көч., 40, 40а, Айни көч., 31, Ахунбаев көч., 202, 204, Жаманбаев көч., 36, Жал-23, №11,12,14,16, Ч.Айтматов проспектиси “Азия Молл” соода борборунун жанында, Тимирязев көч., 12 дарегинде.
Свердлов районунда:
- 20-март: №17 муниципалдык аймактык башкармалыктын (МАБ) аймагында, №11 орто мектебинин спорт аянтчасында, Учкун конушунда, «Аламүдүн» МАБнын жана №21 МАБнын аймагындагы №21 орто мектебинин аймагында, Эне-Сай конушунда улуттук спорттук мелдеш өткөрүлөт. «Сүмөлөк», концерттик программа жана сый тамактар уюштурулат.
- 21-март: Арбат аллеясында, Чыгыш-5 кичирайондо кийиз, чий токуу, карапа жана башка улуттук кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча бардыгына акысыз мастер-класстар уюштурулат. Ошондой эле мольберттин жана комуздун көргөзмөсү №18, №19, 21-МАБында, Лебединовка МАБында, Төмөнкү Ала-Арча МАБда боз үй тигилип, таттуулар уюштурулуп, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер, ошондой эле улуттук даамдардын жарманкеси өткөрүлөт.
Октябрь районунда:
- 21-март: Ынтымак сейил багында боз үй тигилип, дасторкон, улуттук спорттук мелдештер жана мастер-класстар уюштурулат. “Шайыр балалык”, NARK ART HOUSE балдардын чыгармачылык борборлору жана кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт өтөт. Ошондой эле майрамдын урматына Көк-Жар конушунда балдар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, жалпы элдик майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом