Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайтАбдупата Маткаликов Эрнисбек Ормоковдун ордуна Манас шаарынын жаңы мэри болуп дайындалдыДастан Бекешев «TikTok» соцтармагын бөгөттөн чыгарууну суранып, УКМКга кайрылды
Садыр Жапаров X социалдык тармагында расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонууда
07.04.2025 | 16:01
Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасын өзү колдонот.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, Садыр Жапаровдун X тармагындагы аккаунту тууралуу “Фейк эмеспи” деген көптөгөн суроолор түшкөн.
Президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү колдонуп жатат.
Twitter — коомчулук жана эл аралык коомчулук менен ыкчам, ачык жана түз байланышуу үчүн эң эффективдүү платформалардын бири болуп эсептелет.
Учурдан пайдаланып, урматтуу ЖМК өкүлдөрүн жана соцтармак колдонуучуларын расмий аккаунтка жазылууга чакырам: https://x.com/sadyrzhaparovkg“, – деп жазды ал.
Рубрики: Жаңылыктар