2024-жылы Акыйкатчы институтуна соттор айыпталуучуларга кармоо жана камакка алуу түрүндө баш коргоо чараларын көп колдонуп жаткандыгына арыздангандар көп болгон. Бул тууралуу аталган институт маалымдады.
Акыйкатчы тергөө органдары шектүүгө карата эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо боюнча көп кайрыларын, ал эми соттор алардын өтүнүчүн көп учурда кабыл аларын билдирди.
Мисалы, тергөөчүлөр 2021-жылы сотко бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө 8354 өтүнүч беришкен. Алардын 83,4%ында камакка алуу сунушталса, соттор бул өтүнүчтөрдүн 87,1%ын канааттандырган.
2022-жылы 7978 өтүнүч берилген, алардын 86,9%ында камакка алуу каралган. Сот алардын 84,6%ын колдогон.
Ал эми 2023-жылы бөгөт коюу чарасы боюнча 8565 өтүнүч берилген, алардын 96%ында камакка алуу суралса, сот 86,9%ын канааттандырган.
Ушундай эле тенденция 2024-жылы дагы сакталган. Анда тергөөчүлөр 93,5% иш боюнча камакка алууну өтүнүшкөн.
«5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган кылмышка айыпталып жаткан адамга башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасы мүмкүн болбогондо гана ал камакка алынат. Бирок, иш жүзүндө камакка алуу өтүнүчтөрүнүн көбү сот тарабынан канааттандырылганы кооптонууну жаратат», — деген акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.
Мындан улам акыйкатчы тергөө органдарын жана сот бийлигин БУУнун минималдуу стандарттык эрежелерин (Токионун эрежелерин) карманып, Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин так сактоого чакырган.