Орусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилдиИран Трамптын ниетин шылдыңдады: Ормузду твит менен басып алуу мүмкүн эмес
Борбор калаада III Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт (программа)
04.06.2025 | 12:19
11-15-июнь күндөрү III Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы фестивалда биринчи жолу “Kyrgyz Box” программасы сунушталат. Аталган программа аркылуу улуттук прокатта элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон жана рекорд койгон тасмаларды көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.
Ошондой эле 11–15-июнь күндөрү “Француз жана Немис киносунун жумалыгы” өтөт. Анда эки өлкөнүн заманбап жана классикалык тасмаларынан тандалган алты фильм көрсөтүлөт.
Фестивалда төмөнкү программалар өткөрүлөт:
- Эл аралык жана Борбор Азиялык конкурстар – дүйнөнүн ар тарабынан келген мыкты фильмдер жана аймактык кинематографиянын ачылышы;
- Kyrgyz Box – улуттук прокаттын хит тасмаларын көрсөтүү;
- Ретроспектива – кыргыз кино өнөрүнүн легендасы Төлөмүш Океевдин 90 жылдыгына арналган тасмалар;
- French-German week – кино тарыхына чоң таасир берген эки мамлекеттин маанилүү тасмалары;
- Атайын көрсөтүүлөр – дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген уникалдуу фильмдер;
- Мастер-класстар жана лекциялар – тажрыйбалуу кино адистери менен жолугушуулар жана билим берүүчү сессиялар;
- CAF Pitch – келечектүү долбоорлор үчүн эл аралык эксперттерден колдоо алууга мүмкүнчүлүк берүүчү питчинг-сессия;
- Таратуу Форуму – Борбор Азияда кино таркатууну өнүктүрүүчү туруктуу экосистема;
- Networking Session – кино жаатындагы дүйнөлүк адистер менен жеке жолугушуулар үчүн атайын нетворкинг аянтча;
- Ачылыш жана жабылыш аземдери – көк түстөгү килем “Асман Жолу” жана фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи.
Фестиваль тууралуу кошумча маалыматтарды кинонфестивалдын соцтармактарынан алууга болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом