Жок батирлерди саткан “Раян Билдинг” курулуш компаниясына ким чара көрөт?

Жок батирлерди саткан “Раян Билдинг” курулуш компаниясына ким чара көрөт?

Ушул жумада “Раян Билдинг” курулуш компаниясына алданган акционерлер нааразычылыгын айтып чыгышты.  Алар аталган компанияга алданып калганын айтышууда.  Аларга жок  батирлерди сатып жиберип, абага акча төлөгөндөрүн билдиришти.

Бул боюнча Курулуш министрлиги ийнин куушуруп, бирок алданган жарандарга жардам берүүнү убада кылышууда.

Министрлик алданган үлүшчүлөрдүн сөзүн угуп, ал тургай курулуш объектилерин кыдырып, баарын өз көзү менен көрүүгө убада беришкен.

Учурда “Раян Билдинг” курулуш компаниясы бардык объекттеринде курулуш иштерин дээрлик токтотту. Бул Арча-Бешик конушунда жайгашкан турак жай комплекси, бул жерде да түп-тамыры жок эле батирлерди сатышкан. Курулуш компаниясы расмий түрдө 5 гана кабат курууга уруксат берилгени менен 4 блоктон турган 9 кабаттуу үй курууну убада кылган.

Алданган жарандар милицияга кайрылышкан, бирок милиция эмнегедир “Раян Билдинг” компаниясынын ээси Айжанат Абдразаковага кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Белгилүү болгондой, ал жабыр тарткан жарандар менен бир нече жолу жолуккан. Акыркысында «бизнес-леди» акчаны кайтаруудан баш тартып,  эл жок батирлер үчүн акча төлөй берсе,курулушту бүтүрөм деп убада берген.

“Раян Билдинг”  курулуш компаниясынын жетекчилиги 2 жылдын ичинде көп объектилердин курулушун бүтүрөбүз деп убада берип, бирок келишим бир да жолу аткарылган эмес. Ал эми компаниянын мурдагы кызматкерлери курулуш башталган күнү эле компания бир нече жок батирлерди сатууга жетишкенин айтышты.

Курулуш министринин орун басары менен жолугушууда үлүшчүлөргө акчаны кайтарып берүү өтүнүчү айтылды. Мындан улам Курулуш министринин орун басары Турдугулов курулуш компаниясынын директору Абдыразаковага Арча-Бешик, Санташ, Кара Жыгач турак жай комплексинин үлүшчүлөрүнө акчаны кайтарып берүүнү тапшырды.

Айта кетсек,мындан 2 жыл мурун Мамкурулуш  күмөндүү делген 38 курулуш компаниясынын тизмесин жарыялаган, алардан кыймылсыз мүлксатып алуудан баш тартууну сунуштаган. Бирок “Раян Билдинг” компаниясы бул тизмеде болгон эмес. Кызыгы,  ошол учурда алар жок батирлерге акча салууга кардарларды тартуу, жарнама менен активдүү алектенген.

Рубрики: ОКУЯЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>