Жумуш издеп жатасызбы? Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтөт

19.04.2025 | 10:20

Бишкек шаарында 22-апрелде бош орундардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде саат 10:30да башталат.

Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын маалыматы боюнча, 40тан ашык жеке жана муниципалдык уюмдар 5 миңден ашык вакансия сунуштайт. Талапкерлерге эмгек шарттары жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top