Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Нарын мамлекеттик университетине ректор дайындалды
23.04.2025 | 12:30
Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетине ректор болуп Тилек Исабеков дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Кечээ, 22-апрелде билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жаңы дайындалган ректорду университеттин жамаатына тааныштырган.
Тилек Исабеков 2015-жылдан бери Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин Гидротехникалык курулуш жана суу чарба кафедрасынын профессору болуп эмгектенип келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом