Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Бишкекте 8 имаратка пандустар орнотулду
25.04.2025 | 15:36
Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн маданий имараттарга жана медициналык мекемелерге пандустар орнотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Стандарттарга жооп берген пандустар 8 жерге орнотулган:
- Т.Сатылганова атындагы Кыргыз улуттук филармониясы;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпитал;
- «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөрдүн улуттук борбору;
- Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
- Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры ;
- К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасы;
- Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы облустук драма жана сатира театры;
- №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом