Бишкекте таяк тартыш боюнча Кыргызстандын ачык турнири өттү

Бишкекте таяк тартыш боюнча Кыргызстандын ачык турнири өттү

26-апрелде Бишкек шаарында таяк тартыш боюнча Кыргызстандын ачык турнири өткөрүлдү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Айдарбек Алымкуловдун жаркын элесине арналды. Турнирдин ачылыш аземине сот тутумунун, Жогорку Кеңештин, Коопсуздук кеңешинин, Ички иштер министирлигинин өкүлдөрү жана коомчулук катышты.

Мелдешке республиканын бардык облустарынан келген спортчулар чогулушту. Жигиттер да, кыздар да мыкты даярдыктарын жана таасирдүү оюн көрсөтө алышты.

Белгилей кетсек, Айдарбек Алымкулов 1995-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын прокуратура органдарында ар кандай кызматтарда эмгектенген. 2010-жылы Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотуна судья болуп дайындалган. 2013–2015-жылдары Коргоо кеңешинин Катчылыгында инспектор болуп иштеген. 2015–2020-жылдары Бишкек шаарынын Ройондор аралык сотунун судьясы болуп эмгектенген. 2020–2022-жылдары Свердлов райондук сотунун судьясы болуп иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>