Иш берүүчүлөргө «Жаштар стажировкасы» аркылуу жаш адистерди тартуу мүмкүнчүлүгү түзүлдүЖапониянын JICA агенттиги Баткен облусуна 43 жол техникасын бердиКыргызстан жана Россия мамлекеттик кызматкерлердин квалификациясын биргелешип жогорулатууга ниеттенүүдөЭдил Байсалов бийликтеги жараканын себептерин атап, президенттин айланасында биригүүгө чакырдыКыргызстан менен Иран кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташтыКыргызстан менен Түркия товар жүгүртүүнү 5 млрд долларга жеткирүүнү жана БУУдагы кызматташтыкты чыңдоону пландаштырууда
Мындан ары “Ала-Арча” паркына кирүүдө накталай акча кабыл алынбайт
01.05.2025 | 17:17
Мындан ары Бишкектеги “Ала-Арча” жаратылыш паркына кирүү толугу менен QR-код жана банктык карта аркылуу жүргүзүлүп, накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев бүгүн, 1-майда билдирди.
Анын айтымында, парктагы мейманканаларга акылдуу кулпулар коюлган. Мейманканага кирип-чыккан коноктор автоматтык түрдө катталып, канча киши келгени эсептелинип турат.
“Быйыл убада кылынган асма жол (канатная дорога) бүткөрүлөт. Учурда 3 кабаттуу экомейманкана бассейни менен салынып жатат. Мындан тышкары, тоонун бооруна 20дан ашык A-frame үлгүсүндөгү үйлөр курулууда. Ал жерге келечекте асма жол менен да барууга мүмкүн болот. Кудай буюрса, бул жай жаратылыш менен айкалышкан, өзгөчө көрк берген уникалдуу аймакка айланат”,- деп билдирди ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом