Кийизден жасалган бут кийимдерсиз: Бишкектен белекке эмне алып кетсе болот?«Манас» аркылуу өтүүчү жол: Бишкек мэриясы талашка түшкөн трасса кайсы жерден өтөрүн көрсөттү«Манас-Ордо» комплексин мастабдуу түрдө жаңылоо иши уланууда. Учурда кайсы иштер жасалдыСокулукта жаранды травматикалык тапанча менен атып, жарадар кылган шектүү кармалдыКР автожолдорунда «Автоураган» иштей баштады — алар кайда орнотулган жана эмнелерди каттайтДастан Бекешев депутаттарга эмне үчүн малды башка бирөөнүн талаасына коё бербеш керектигин түшүндүрдү
ТИМ: АКШдан 20 кыргызстандык жаран депортацияланды
02.05.2025 | 09:28
Тышкы иштер министрлиги кечээ, 1-майда Нью-Йорк–Ташкент–Бишкек багыты боюнча уюштурулган чартердик каттам аркылуу АКШда мыйзамсыз жүргөн 20 жаран Кыргызстанга кайтып келишкенин билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жарандар АКШнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгына байланыштуу кармалган жана атайын мекемелерде кармалып турушкан. Бардык иммиграциялык жол-жоболор, анын ичинде соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин, алар өлкөдөн депортацияланууга тийиш болгон чет элдик жарандардын тизмесине киргизилген.
Эске салсак, 30-апрелде АКШнын Ички коопсуздук министрлиги маалымат таратып, анда АКШда мыйзамсыз жүргөн 131 ашык орто азиялык мигранттар Өзбекстанга депортацияланганын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар