Туризмди өнүктүрүү фондунун экс-директору Абылкасым Шерниязов кайтыш болду

05.05.2025 | 13:57

 

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун мурдагы жетекчиси Абылкасым (Баткен) Шерниязов 53 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын агасы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз өзүнүн Фейсбук баракчасында кабарлады.

Абылкасым Шерниязов 1971-жылы Баткен облусунун Баткен айылында төрөлгөн. Ал 2003-жылы «Манас Мурас» аттуу коомдук фондун негиздеп, маданий мурасты сактоо багытында иш алып барган. 2023–жылы Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп дайындалган.

Маркумдун тажыясы 6-май күнү саат 14:00дө Талас облусунун Чоң-Капка айылында болот.

Scroll to Top