2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр Жапаров
ЕЭК Коллегиясынын төрагасы кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады
05.05.2025 | 15:34
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев Кыргызстандын президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин мүчөсү Садыр Жапаровду жана бүткүл кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады. Куттуктоо каты аталган комиссиянын расмий сайтына жарыяланды.
“Конституция — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнүн бекем негизи, туруктуу өнүгүүсүнүн ишенимдүү кепилдиги болуп эсептелет. Дал ушул Конституциянын аркасында кыргыз эли келечекке ишеним менен кадам таштап, улуттук биримдикти бекемдеп, өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыздап келет”,- деп айтылат куттуктоо катында.
Бакытжан Сагинтаев Кыргыз Республикасына жана анын жарандарына экономикалык өсүш жана бакубат жашоо каалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом