9-11-класстардын жыйынтоочу аттестациясынын мөөнөтү жарыяланды

9-11-класстардын жыйынтоочу аттестациясынын мөөнөтү жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде өткөрүлө турган 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын мөөнөтүн жарыялады.

  • 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

— Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

— Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 2-июнь;

— Эне тили (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 6-июнь;

— Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнь;

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 16-июнь.

  • 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн (окутуу кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерде):

— Аттестациянын мөөнөтү: 2-июндан 17-июнга чейин, 4 предмет боюнча:

— Эне тили жана адабияты (эссе) – 2-июнь;

— Алгебра (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 6-июнь;

— Кыргызстандын тарыхы (оозеки формада) – 11-июнь;

— Кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган  класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 16-июнь.

— Дене тарбия боюнча зачет:

Ал эми “Дене тарбия” сабагынан зачеттор сабактан тышкаркы убакта 15-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>