Кыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөтКыргызстандын банктарындагы юридикалык жактардын аманаттары бир айда дээрлик 6 эсеге кыскарды
Бүгүн Нарында экинчи ирет жер титиреди. Силкинүүнүн күчү 5,5 баллга жетти
12.05.2025 | 14:35
Бүгүн, 12-майда саат 12:38де өлкө аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун Жаңы-Талап айылынан түндүк-батышты карай 8 км жана Ак-Кыя айылынан түндүк-чыгышты карай 9 км аралыкта жайгашкан.
Силкинүү күчү төмөнкү айылдарда сезилген:
- 5 балл — Жаны-Талап, Ак-Кыя, Көк-Жар айылдары;
- 4 балл — Байгончок, Угут, Ак-Талаа, Кара-Ой, Жылан-Арык, Кадыралы, Ак-Кудук айылдары;
- 3,5 балл — Баетов, Учкун, Шоро, 8-Март, Мин-Куш, Дөдөмөл, Куланак айылдары;
- 3 балл — Эмгек-Талаа, Достук, Жан-Булак, Жерегетал, Казарман, Сары-Булак жана башка айылдар;
- 2,5 балл — Нарын шаары.
Сейсмология институту кырдаалды мындан ары да көзөмөлдөп жатканын билдирип, жарандардан сабырдуулукту сактоону өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар