20-майда Катардын борбору Доха шаарында 5-Катар экономикалык форуму өз ишин баштады. Иш-чара Bloomberg агенттигинин жана Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Танинин колдоосу менен уюштурулду.
Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Марат Нуралиев катышты. Форум дүйнөлүк экономикалык күн тартибин, инвестициялык кызматташтыкты жана туруктуу өнүгүүнү талкуулай турган эң ири эл аралык аянтчалардын бири болуп саналат.
Форумдун негизги темалары катары глобалдык жана аймактык экономикалык тенденциялар, санариптик трансформация, туруктуу өнүгүү, энергетика тармагындагы маселелер жана инвестициялык коопсуздук каралды.
Кыргызстандын катышуусу өлкөнүн эл аралык аренадагы экономикалык байланышын кеңейтүү, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана дүйнөлүк ишкерлер менен инвестициялык диалогду күчөтүүгө багытталган кадам болуп эсептелет.