Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Социалдык коргоо департаментине жаңы жетекчи дайындалды
27.05.2025 | 14:46
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментине жетекчи болуп Дина Анарбаева дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалыматы кызматы билдирди.
55 жаштагы Дина Анарбаева буга чейин Бишкек шаардык иш менен камсыздоого көмөктөшүү башкармалыгынын директору болуп иштеген.
“Министрлик анын тажрыйбасы жана кесипкөйлүгү өлкөдөгү социалдык коргоо системасын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп ишенет”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат