Акыркы мезгилде Кыргызстанда альпинизм деген сөз көп айтылчу болду. Жыл санап бийик тоолорду багындырган кыргызстандык альпинисттердин саны да өсүп жатат. Мындай кооптуу жана экстремалдуу спортко эмнеге кызыгышат же андан биз билбеген пайда барбы? Ак карлуу зоолорго жабышып, үшүп-тоңуп, өмүрүн тобокелге салып тоо чокусуна чыккандардын альпинизмди тандагандарына эмне себеп?
Ал эми кыргыз сегментинде кызуу талкууга алынган Жогорку Кеңештин депутатынын жубайы, ишкер Рысгүл Акимжанованын Эверест чокусун багындыруусуна карата айтылган шектенүүлөр боюнча байма-бай талкууланып жаткан маселелерге “Reporter.kg” саресеп салып көрүүнү эп көрдү.
Деги эле альпинизм деген эмне?
Бул жөн гана спорт эмес, бул өзүн-өзү жеңүү, табият менен күрөшүү жана күчтүү мүнөздүн сыноосу. Ал табигый тоскоолдуктарды — кар, муз, бийиктик, абанын жетишсиздиги жана суук менен күрөшүүнү талап кылган эң кооптуу спорттун бири. Альпинист болууну тандагандар, адатта жаратылышты сүйгөн, өзүн сыноого даяр адамдар же жашоосунда жаңы деңгээлге жетүүнү максат кылган бай бизнесмендер болот.
Альпинизм спорттук жана коммерциялык болуп эки түргө бөлүнөт. Биринчиси – чынында машыккан, даярдалган адамдар үчүн, ал эми экинчиси – акча төлөгөн туристтер үчүн уюштурулат.
Бийик тоолор дайыма эле адамзаттын аң-сезиминде катаалдык, кооздук жана сыноо менен байланышып келген. Бийик чокуну багынтуу – бул жөн гана физикалык аракет эмес, бул руханий деңгээлдеги өзүн-өзү жеңүү.
Эмне үчүн альпинисттер жолдошторунун сөөгүн тоого таштап кетишет? Ар бир альпинисттин кыялы болгон- Эверестте биз көнгөн моралдык нормалар колдонулбайт. “Тоо каталарды кечирбейт” деген альпинисттердин арасында сөз бар. Андыктан тоонун чокусунда альпинисттер маркумдардын жанынан жайбаракат басып жүрө беришет жана чокуга чыккандардын өзү жана алардын жакындары кайтып келбей калышы мүмкүн экенин толугу меннн түшүнүшөт.
Чокуга жетпей калгандардын же кайтып келе жатканда каза болгондордун сөөгү (бул көп кездешет) көп учурда тоо койнунда түбөлүккө кала берет. Башка альпинисттердин кыла турган эң чоң нерсеси — адамдардын сөөктөрүн жолунан алып салуу.
Эмне үчүн Эверестке альпинисттердин сөөгү чыгарылбайт? Себеби, Эверестте альпинисттердин сөөгүн эвакуациялоо кыйынга турат, анткени тик учактар ал бийиктикке жетпейт жана минус нөлдүк температурадан улам сөөктөр жакшы сакталат.
Кыргыз альпинисттери Эверестти кантип багындырды?
Кыргызстандагы альпинизм акыркы жылдары жаңыланып, жаңы баатырлардын, жаңы муундун духу менен коштолууда. Бирок бул жаңы толкун, айрыкча Рыскүл Акимжанова айланасындагы окуя, коомдо: “чынында кандай жол менен чокуга жетти?”, “кантип түштү?” деген суроолорду жаратты.
Кыргызстанда альпинизм акыркы жылдары чоң өсүшкө жетишти. Эдуард Кубатов жана Кадыр Сайдилкан, Асель Байбагышева сыяктуу альпинисттердин Эверестти багынтуусу өлкө тарыхында жаңы доорду ачкан окуялар. Кубатов жеңишин кыргыз элине арнап, патриоттук сезимдерди ойготкон. Ал эми ага чейин кыргызстандык Михаил Даничкин, Сергей Селиверстов сыяктуу кышкы чоку багынтуучулар “Ак Илбирс” статусуна жетишип, кыргыз альпинизминин профессионалдык деңгээлин көрсөткөн.
Асель Байбагышева Эверестке рекорддук убакытта чыгып, аялзатынын мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу далилдеди. Ал Эверестке чыккан кыргыз аялдарынын эң биринчиси болуп тарыхта жазылып калат берет. Байбагышева учурда 54 жашта, Эверест чокусуна дал 54 саатта жеткен.
Рыскүл Акимжанованын чокуну багынтуу окуясы – талаштуу жагдай
Рыскүл Акимжанованын Эверестти багынтты деген жаңылыгы башында жалпы коомчулукта чоң кубаныч жаратты. Бирок кийинчерээк анын чокуга чыгуусу толук өз күчү менен эмес, вертолет жана куткаруучулар аркылуу ишке ашканы тууралуу маалыматтар социалдык сегментти аралап кетти. Италиялык куткаруучу Симоне Моренин билдирүүсү боюнча, Рыскүл Акимжанова 6500 метр бийиктиктен вертолет менен эвакуацияланган деп айыптап чыгышты. Альпинизмдин эрежесине ылайык, чокудан жөө түшүү зарыл. А болбосо, экспедициянын «тазалыгы» жана «чыңдыгы» күмөн жаратат. Соцтармактарда жана эксперттер арасында анын чокуну чындап багындырдыбы деген суроо кызуу талкуу жаратты.
Рыскүл Акимжанова болсо мунун себебин кырсык жана коопсуздук маселеси менен түшүндүрдү. Шерпалар сууга түшүп кетип, куткаруучулар чакырылып, аба ырайынын шарттарынан улам вертолет менен түшкөнүн моюндады. Ал өзүн коргоого алган билдирүүсүндө адам өмүрү эң башкы экенин жана өзү вертолет чакырбаганын айтты. Анын айтымында, бул эвакуация компания тарабынан уюштурулган.
Ал эми, Кыргызстандын Альпинизм федерациясы жана анын башчысы Эдуард Кубатов Акимжанованын Эверестти багындыруусу боюнча ооз ачышкан эмес. Ак же көк да дешкен жок, ал тургай аэропорттон аны тосуп алууга да эч кимиси барган эмес. Бул жерде окуянын чын-бышыгын аныктай албай, карапайым калк убара.
Бул окуя Кыргызстанда альпинизм тууралуу түшүнүктү тереңдетип, «чынында чокуну кантип багындырды?» деген суроону жаратты. Себеби буга чейин биздин элде альпинизм эмне экендиги тууралуу кеп болчу эмес. Эми болсо, анын күңгөй-тескейин изилдеген мезгил келди.
Альпинизм – бул шоу эмес. Бул өз күчү менен, тобокелге салып, оор шарттарда жетишкен ийгилик. Мындайда коомдун жоопкерчилиги да чоң – биз кимди даңазалап жатабыз? Чыныгы баатырлардыбы же өзүн баатыр кылып көрсөтүүнү көздөгөндөрдүбү?