Түштүк Кореядагы элчи «Кыргызстан сулуусун» дүйнөлүк сынак алдында сыйлады

Түштүк Кореядагы элчи «Кыргызстан сулуусун» дүйнөлүк сынак алдында сыйлады

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова «Miss Supranational Kyrgyzstan 2025» наамынын ээси Екатерина Заболотновага ардак грамота тапшырды. Жолугушуу Сеулда, кыргызстандык сулуунун абройлуу эл аралык сулуулук сынагына катышуусунун алдында өттү.

Сыйлык кыргыз маданиятын дүйнөлүк аренада жайылтууга кошкон салымы үчүн тапшырылды. Екатерина Заболотнова Польшада өтө турган 16-«Miss Supranational 2025» сынагында өлкө намысын коргойт. Бул иш-чаранын өзгөчө мааниси – 70тен ашык катышуучунун арасында Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнөн жалгыз өкүл болот.

Элчи Аида Исмаилова маданий дипломатиянын маанилүүлүгүн белгилеп, Екатеринага Кыргызстандын оң имиджин калыптандырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Буга чейин «Miss World» жана «Miss Earth» сынактарында өлкө намысын коргогон Заболотнова өз кезегинде көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылыгын айтты.

«Miss Supranational 2025» сынагынын финалы 29-июнда өтөт. Бул Кыргызстандын 2022-жылдагы дебютунан кийин аталган сынакка экинчи жолу катышуусу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>