Кыргызстандын борборунда «Жибек жолундагы аялдар үйү» жана укуктук жардам берүү станциясы ишин баштады. Кытайдын Шэньси провинциясындагы өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылган бул долбоор «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында аялдардын ишкердигин колдоого жана эки тараптуу байланыштарды чыңдоого багытталган.
Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасы (СӨП) билдирди.
Ачылыш аземинде СӨП президенти Темир Сариев жаңы аянтчалар аялдардын тажрыйба алмашуусу жана укуктук сабаттуулугун жогорулатуусу үчүн чыныгы шарттарды түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул — аялдар уюмдарынын туруктуу өнүгүүгө салым кошуп, Жибек жолунда өсүштүн жаңы багыттарын түзө аларынын айкын мисалы.
Өз кезегинде, кытай тараптын өкүлдөрү бул долбоор Кыргызстан менен КЭРдин ортосундагы аялдардын кызматташтыгын өнүктүрүүдө жаңы баскычты символдоштурарын белгилешти.
Демилге Шэньси провинциясынын юрист аялдар ассоциациясынын, «Хаотянь» юридикалык фирмасынын, ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жана Аялдар ассамблеясынын көмөгү менен ишке ашырылды.