Кой-Таш иши боюнча соттолгон Атамбаев аны Гаагада соттоону сунуштады

Кой-Таш иши боюнча соттолгон Атамбаев аны Гаагада соттоону сунуштады

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жымжырттыкты бузуп, Кой-Таш окуялары боюнча жакында чыккан өкүм тууралуу пикирин билдирди. Ал өлкө бийлигин Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна кайрылууга чакырып, анын алдына жеке өзү барууга даяр экенин билдирди.

«Мен мага коюлган саясий айыптардан баштап, кылмыш иштерине чейинки бардык айыптоолорго жооп берүүгө даярмын», — деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

Мурдагы мамлекет башчысы өзүнө чыгарылган өкүмдү, ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча мурдагы ишти да «ойдон чыгарылган» деп атады. Ал «ката кетиргенин» мойнуна алганы менен, «эч качан Кыргызстандын кызыкчылыгын сатпаганын» баса белгиледи. Атамбаев ошондой эле өзүнө, үй-бүлөсүнө жана тарапташтарына карата куугунтук уланып жатканын айтты.

3-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуялары боюнча Алмазбек Атамбаевди сыртынан 11 жыл 3 айга эркинен ажыратып, мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган.

Атамбаев 2023-жылдын февраль айында соттун чечими менен дарылануу үчүн абактан бошотулган. Ал Испанияга учуп кетип, ошондон бери Кыргызстанга кайтып келе элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>