Жайылда жубайын жана уулун сабаган деп шектелип, 35 жаштагы жаран кармалдыКыргызстанда биринчи жолу 3D-протездөө технологиясы ишке киргизилдиЖалал-Абадда алимент төлөбөгөн жаран эки жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан 2026-жылдын башынан бери 17 тонна гүл экспорттодуКыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант берет
Кыргызстан менен Роскосмос спутниктик технологиялар тармагында кызматташууну макулдашты
09.06.2025 | 10:04
Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов CIPR-2025 форумунда Роскосмостун жетекчиси Дмитрий Баканов менен жолугушту.
Министрликтен маалымдашкандай, жолугушууда тараптар спутниктик байланыш, адистерди даярдоо жана телекоммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча меморандумду даярдоо боюнча макулдашууга жетишилди. Жамангулов бул Кыргызстан үчүн жаңы багыт экенин белгилеп, өлкө алдыңкы уюмдар менен системалуу өз ара аракеттенүүгө кызыкдар экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар