Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө

11.06.2025 | 13:23

«Электр станциялар» ААКнын филиалы болгон Таш-Көмүр ГЭСинде 2025-жылга карата пландуу оңдоо жана тейлөө иштери жүрүүдө. Иштер ушул жылдын октябрында аяктайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Анда төмөнкү негизги иштер жасалат:

  • Үч гидроагрегатты капиталдык оңдоо;
  • Бардык деңгээлдеги трансформаторлорду, анын ичинде ГГСН трансформаторлорун оңдоо;
  • Жогорку чыңалуудагы өчүргүчтөрдү (айрыкча «Кристалл» сериясындагыларды) алмаштыруу жана техникалык тейлөө;
  • Ток трансформаторлору менен туташтыргыч жабдууларды жаңыртуу жана оңдоо;
  • 220 кВ бөлүштүрүүчү түзүлүштөр менен шиналарды тейлөө;
  • Байланыш жана релелик коргоо жабдууларын техникалык тейлөө.

“Бул чаралар күз-кыш мезгилинде Таш-Көмүр ГЭСинин үзгүлтүксүз жана коопсуз иштешин камсыздап, энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатат. Жабдуулардын күтүүсүз иштен чыгуусунун алдын алып, өлкөнүн энергетикалык жүктөмү жогорулаган учурларда өзгөчө мааниге ээ”,- деп билдирди министрлик.

Scroll to Top