Дели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болуштуБишкек ЖЭБинде кышка көмүр жетиштүүбү? Мекеме жооп берди
Эми мамлекеттик ипотекага Tunduk тиркемеси аркылуу онлайн кезекке турууга мүмкүн
11.06.2025 | 17:23
Эми Мамлекеттик ипотекага Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн кезекке турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.
“Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары жеңилдеди – болгону 2–3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берилет”,- деп билдирди президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.
Эске салсак, «Түндүк» тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом