Өкмөт башчы Ысык-Көл облусундагы ооруканалардын абалы менен таанышты«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдө
Бишкектеги Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү октябрга чейин жабылат
13.06.2025 | 15:25
14-июндан тарта Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштери башталат. Мындан улам аталган жолдун Сүйүмбаев көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү толук жабылат. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин ушул жылдын 3-октябрына чейин бүтүрүү пландалууда.
Мэрия бул бөлүктөгү жылуулук тармагы 54 жылдан бери иштеп келгенин, учурда авариялык абалда болуп, шашылыш түрдө алмаштырууну талап кыларын билдирди. Иштерди “Бишкектеплосеть” муниципалдык ишканасы жүргүзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом