Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Өзбекстандын студенттери менен жаш окумуштууларынын башын кошкон Жайкы университет ишин баштады. Ж. Баласагын атындагы КУУ уюштурган бул форумдун башкы максаты – Улуу Ата Мекендик согуштун жыйынтыктарын жана анын азыркы доор үчүн маанисин талкуулоо.
Иш-чаранын ачылышында КУУнун ректору Догдурбек Чонтоев бул жыйынды Шериктештик өлкөлөрүнүн жаш адистери үчүн пикир алмашуу, илимий байланыштарды бекемдөө жана жандуу баарлашуунун аянтчасы деп атады. Ректордун айтымында, академиялык мобилдүүлүк – «компетенттүү жана эл аралык деңгээлдеги адистерди даярдоонун негизги ачкычы».
Форумдун катышуучулары бир жума бою лекция угуп, мастер-класстарга катышып, Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы жана маданияты менен жакындан таанышат. Долбоор Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтү, Нижняя Тура шаарынын администрациясы жана «Георгий Победоносец» уюму тарабынан колдоого алынган.