Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга барды
Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу: Кыргызстандын ТИМи Ирандагы жарандарына кайрылуу жасады
14.06.2025 | 14:23
Израилдин Иранга жасаган акыркы чабуулуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул өлкөдө жүргөн кыргызстандыктарды өзгөчө сак болууга чакырды.
Жарандарга эл көп топтолгон жерлерден алыс болуу, расмий маалыматтарды байкап туруу жана жакындары менен байланышта болуу сунушталат. Өзгөчө кырдаал жаралган учурда, дароо Ирандагы элчиликтин (+989352505226) же КР ТИМинин (+996999312002) ишеним телефондоруна кайрылуу керек. Буга чейин мекеме Израилдеги кыргызстандыктарды да сак болууга чакырган.
Эскерте кетсек, 13-июнга караган түнү Израиль Иранга чабуул жасаган.
Рубрики: Жаңылыктар