Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Аптаптуу ысык: 17-19-июнда өлкөдө күн ысыйт
16.06.2025 | 14:40
17-19-июнь күндөрү өлкөдө абанын температурасы көтөрүлүп, 38°-41° Cге чейин ысыйт. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы ыктымал.
ӨКМ жарандарды мындай кургак ысык аба ырайында организмди суусуздандыруудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырып, айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугарууну сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар